Унаада ыйлап, жардам сураган аял арыз жазуудан баш тартты

Кечээ, 24-июлда социалдык тармактарда кичи автобустагы аялдын ыйлап, жардам сурап жатканда тартылган видеосу тараган.  «Аял менен баласы жакшы болсо экен. Аял ыйлап, жардам сурап жатты. Милицияга кайрылдым»,- деп жазган видеонун автору.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин РИИБден окуя тууралуу маалымат берди. Факты каттоого алынып, териштирүү иштеринин алкагында милицияга 1986-жылы туулган киши жеткирилген. «Бул факты боюнча аял жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылуудан баш тарткан. Анын баш тартуусуна жолдошуна доосу жоктугу себеп болгон. Аялга коргоо ордери берилген»,— дешти.