Унаада ыйлап, жардам сураган аялдын видеосу тарады. Милиция териштирүүнү баштады

Социалдык тармактарда кичи автобустагы аялдын ыйлап, жардам сурап жатканда тартылган видеосу тарады.

«Аял менен баласы жакшы болсо экен. Аял ыйлап, жардам сурап жатты. Милицияга кайрылдым»,- деп жазат видеонун автору.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин РИИБден окуя катталганын, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын билдиришти.