«Унаам болсо деп жүргөм. Кудай ниетибизди кабыл кылды». Гусейн Гасановдон белекке унаа алган кыргызстандык таксист менен маек

Кечээ, 24-ноябрда орусиялык блогер Гусейн Гасанов кыргызстандык таксистке жаңы унаа белек кылды. Видеону блогер соцтармактагы баракчасына жарыялады. Бул коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, кыргызстандык үчүн сүйүнүп жатканын жазышты.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Эген мырза менен байланышып, маектештик. Ал буга чейин «унаам болсо» деп ойлонуп жүргөнүн, буга чейин Гусейн Гасановду таанычу эместигин айтат.

«Ноокат районунан болом. Москвага алгач 2007-жылы келгем, 2009-жылы кайра өлкөгө кеттим. Келип-кетип жүрүп, 2017-жылдан бери үй-бүлөбүз менен ушул жердебиз. 2019-жылы сентябрда дал ушул такси кызматына жумушка кирдим. Ортодо бир жыл иштеген жокмун. Кайра кызмат көрсөтүп жүргөнүмө 2 ай болду. Мен блогер унаа берет деп күткөн эмесмин. Бирок унаам болсо деп ойлонуп жүргөн элем. Кудай ниетибизди кабыл кылды. Гусейн Гасанов деген элге таанылган блогер экен, бирок мен чындыгында, аны тааныбайт элем. Ошол күнү деле тааныган жокмун. Салонго киргенде, аны менен сүрөткө түшүп жатышканынан сурасам, блогер дешти. Буйрутма алып, Маскванын чок ортосуна баргам. Гусейн Гасановго чейинкиси да кызык болгон. Актриса кыз «тартуу иштерине шашып жатам» дегенинен тамашалап, мени да киного тартып, «звезда» кылбайсыңарбы?» дегем. Ошондон кийин эле ушул жигиттерден буйрутма түштү. Видеону көрүп алып, дагы бир жолу ыйладым», — дейт ал.

Ал мындан тышкары, кызы операцияга муктаж экенин айтып, операциянын баасы 1,5 миллион рубль экенин айтты. «Кызымдын оң кулагы жабык болуп туулган. Операция жасаш керек экен. Москвада 1,5 миллион рубль дешти. Ал эми Кыргызстан менен байланышсак, андан арзан кылып беребиз дешкен», — деди ал.