“Унаанын алдында калыптыр”. Жакут Сыдыковдун иниси каза болду

Жакут Сыдыковдун бир тууганы каза болду. Маалыматты куудул өзү тастыктады.

Анын айтымында, иниси Чыңгыз 25-декабрда каза болгон.

“Иним жүк ташуучу унаа айдап иштечү. Жолдон унааны токтотуп, дөңгөлөктүн алдына башын салып, тетиктерин карап жатканда бир нерсе жарылып кеткен экен. Ал унаанын алдында калып, ошол жерден каза болуптур. Кечээ күнү жерге бергенбиз, бүгүн үчүлүк өткөрүп жатабыз” дейт куудул.

SUPER TV`нын эмгек жамааты Жакут Сыдыковго жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.