Унаанын газы жарылып, күйүп калган келин менен министр жолугуп, акчалай жардам берди

Бүгүн, 15-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова бир жыл мурун кырсыктан күйүк алган медайым Ырыскүл Съездбек кызы менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жолугушууда министр Ырыскүл менен баарлашып, операцияны кайда жасай турганын тактап, Саламаттыкты сактоо министрлиги колдоо көрсөтүп, дарыланууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Министр борбордук аппараттын жамаатынын жана республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин атынан Ырыскүлгө операция үчүн акчалай жардам берип, сакайып кетишине тилектиштигин билдирип узаткан.

Ушул жылдын 2-апрелинде SUPERTV телеканалында “Күйөөм тамеки чеге коюп, унаанын газы жарылып, күйүп кеттик” деген материал жарык көргөн. Арадан көп өтпөй, биз каарманыбыз Ырысгүл Съездбек кызынан кабар алып, ага белек-бечкегин тапшырат элем дегендерге жолуктуруп, сулуулап, шопинг кылып, таанылгыс кылып, өзгөртүп келгенбиз.