«Унаасын бекитпей таштап кеткен». Мушкер Мунарбек элди таң калтырып бүтпөй жатат

Кечээ, 13-августта Бишкекте Париж Олимпиадасынын катышуучуларын жана байге ээлерин сыйлоо аземи болуп өттү. Анда Олимпиадага катышкан ар бир спортчуга акчалай сыйлык жана унаа берилди.

Социалдык тармактарда «Мунарбек жаңы алган унаасынын эшигин жаппай, калтырып кетиптир» деген видео тарады.

Мушкер кечээ спортчуларды сыйлоо аземинен кийин жаңы алган жол тандабасын бекитпей, маалымат жыйынга кетип калган. Жаңы машинасы Эски аянтта ичинде 10 миллион сомдук сертификаты менен ачык бойдон калган. Соцтармак колдонуучулары анын жөнөкөйлүгүн, пейилинин токтугун белгилешүүдө.