Унаасын токтотуп, өзүн коё беришкен. Дайынсыз кеткен Наталья Кудякованы издөө улантылууда

Дайынсыз жоголгон Наталья Кудякованы издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-апрель күнү Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгына 40 жаштагы Наталья Кудякованын жакыны кайрылып, ал 6-апрелде таңында күмүш түстөгү “Хонда-Одиссей” унаасы менен Лебединовкадагы батиринен чыгып кеткен боюнча келбегенин билдирген.

Бул окуя боюнча дароо Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу жогорудагы көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Дайынсыз болуп жаткан Наталья Кудякова батирди ижарага алып, жарым айдан бери жашаганы жана 6-апрель күнү таң эрте белгисиз тарапка чыгып кеткени маалым болгон. Бул факты боюнча Чүй облусунун ички иштер органдарына жана Бишкек шаарынын ички иштер органдарына багыттамалар берилген.

6-апрель күнү болжол менен саат 18:35 чамаларында изделип жаткан унаа Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан Люксембург айылынан токтотулуп, айдоочу Наталья Кудякова ичимдик ичип унаа айдап жүргөнү аныкталып, ага карата протокол толтурулуп, автоунаасы айып короого токтотулуп, Наталья өзү коё берилгени маалым болгон. Учурда Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан жогорудагы жарандын жүргөн жерин аныктоо үчүн ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.