Социалдык тармактарда унаасындагы таштандыларды жерге таштап жаткан жарандын видеосу тараган.
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы чара көрүлөрүн билдиришкен. ИИМдин Чүй облусу боюнча жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуга айып салынганын билдирди.
«Мерседес-Бенц спринтердин айдоочусу 1982-жылы туулган жаран аныкталып Укук бузуулар кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 7500 сом айып пул салынып унаасын убактылуу кармоо жайына токтотулуп, айдоочуга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү»,— деп айтылат маалыматта.