«Урушкуңуз келип жатабы?» Депутат менен министрдин орун басары кайым айтыша кетти

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо менен ӨКМ министринин орун басары Урматбек Шамырканов кайым айтыша кетишти.

Депутат: Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагында Нарын дарыясынын жээгинде элдин үлүш жерлерин суу алып кетти. Ак-Кыя, Көк-Жар айылдарындагы калктуу конуштарга суу ооп бара жатат. ӨКМ барып көрдү беле? 

Орун басар: Маалымат бар менде. Былтыр өзүм барып көрүп кеткем. Тиешелүү иштер болот, бирок быйылкыга каражатыбыз жок.

Депутат: Акча жок болсо, былтыр көрүп келген болсоңор, сугат жерлерди билесиз да. Ошол жер быйыл жок калды. Быйыл кантип жер айдайбыз деп жатышат. Эмне кылабыз? 

Орун басар: Министрлик айдоо жерлерге жооп бербейт, министрлик калктуу конуштарды коргойбуз. 

Депутат: Аны билебиз. Ак-Кыя боюнча маалыматыңыз барбы? 

Орун басар: Маалыматым бар. Тиешелүү чечимдер чыккан. Каражат жок азыр. 

Депутат: Ошондо каражат жоктугунан улам жерлер желип кете береби?

Орун басар: Каражатка карата иш кылабыз да. Коркунучта турган айылдарды коргоо боюнча иштерди алып барабыз. 

Депутат: Урматбек мырза, эмне болду? Урушкуңуз келип жатабы?

Орун басар: Урушкум келген жок. 

Депутат: Карагыла да анда.