«Ушак менен жашап жатканыбыз өкүнүчтүү». Түмөнбай Колдошев анын тарабына айтылган кептерге комментарий берди

Социалдык тармактын колдонуучусу Рита Борбукеева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына ректор болуп дайындалган Түмөнбай Колдошов кызматкерлерди жумуштан алганын айтып жатканын жазып чыкты.

«Түмөнбай Колдошов Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп дайындалган менен нааразылык күч боюнча турганын билдиришти. Анткени ал өзүнүн пенсионер тааныш башкы эсепчисин алып келип алган. Башка адистерди да себепсиз жумуштан кетирип жатканын айтууда», — деп жазган ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Түмөнбай Колдошов менен байланышканыбызда, маалымат жалган экенин билдирди. «Бул маалымат жалган. Анткени, башкы бухгалтер иштеп жатат. Ар кимдин ушагы менен жашап жатканыбыз аябай өкүнүчтүү», — деди ал.