«Ушул фонд макул болду». Муфтият имаратты эмне үчүн Райымбек Матраимов куруп берерин түшүндүрдү

Коррупция беренеси боюнча соттолгон Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына имарат куруп берери коомчулуктун талкуусуна түшкөн. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Муфтияттан окуя боюнча маалымат беришти.

«Муфтият 1 жылдан бери фонддорго, ишкерлерге имарат куруу боюнча кайрылып келет. Натыйжада бул фонд макул болуп куруп жатат», — дешти алар.

Имаратка капсула салуу аземи болуп өткөн. Ага Муфтий Замир Ракыев, Райымбек Матраимов, депутат Шайлообек Атазов, Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров катышкан.