Ушул аптада топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өтөт

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 10-15-февраль күндөрү Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Кыргызстандын топографиялык жумушчу тобун Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Борүбаев жетектейт. «Өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун ишинин жыйынтыгы боюнча, 2021-жылдын 1-майынан азыркы мезгилге чейин 81 чакырымдан ашуун мамлекеттик чек ара линиясы макулдышылып жазылган. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын линиясын макулдашып жазууда 1924-1927-жылдардагы жана 1989-жылдагы документтер кошумча пайдаланылат», — деп айтылат маалыматта.