«Ушулар бизге хан болуп, өнүктүрөт». Жалал-Абадда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди колдогон митинг өттү

Жалал-Абадда президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди колдоо митинги өттү. Бул тууралуу анын катышуучусу Акниет Кеңешов билдирди.

Чогулгандар өлкө жетекчилигинин саясатын колдоп, башка жарандарды да аларга кошулууга чакырышарын белгилешет. «Биз Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди колдойбуз. Бизге алардан башка эч кимдин кереги жок. Алар бизге хан болуп, мамлекетибизди өнүктүрөт деп ишенебиз. Аларды көздүн карегиндей баалайбыз», — деди катышуучулардын бири.