«Ушундай 30 адам болгондо…» Садыр Жапаров Ош мэрин мактады

Кечээ, 5-октябрда Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө өлкө башчы Садыр Жапаров Барпы Алыкулов атындагы жаңы парктын ачылыш аземине катышты.  Паркты куруу иштери 2025-жылдын июнь айында башталып, бүгүнкү күндө толугу менен аяктады.

Соңунда Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен баарлашыпып, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевди мактады. «Адамдын өзүнөн болот экен. Жеңишбекти мэр кылып алып келдик, Бишкекте да 4-5 бала бар, эми ушулардай 30 адам болсо эле жетет экен. Ишеничти актабагандар, бөлүп берген акчанын жарымын жеп койгондор да бар. А бул жак бөлүп бергенден ашык иштеп жатат»,- деди ал.