УТРКнын башкы директору алмашты. Кайрат Иманалиевдин ордуна ким келди?

Иманалиев Кайрат Олжобаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиллебаев Болотбек Кочкорович Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды.