УТРКнын башкы директоруна президент сөгүш жарыяланды

Кечээ, 4-сентябрда президент Садыр Жапаров Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай жаза Тиллебаевге жүктөлгөн эмгек милдеттер жетиштүү деңгээлде аткарылбагандыгы үчүн берилген.

Тиллебаев УТРКнын башчысы болуп ушул жылдын март айында дайындалган.