«Утушуңар керек эле». Садыр Жапаров оюндан кийин «Ак шумкарларга» эмне деди?

Президенттин маалымат катчысы Садыр Жапаровдун кечээ, 6-июнь күнү оюндан кийин Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курамасынын оюнчулары менен сүйлөшүп жатканы тартылган видеону жарыялады. Беттеш 1:1 эсебинде, тең чыгуу менен аяктады.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасына автобус белек кылды. Ал өлкө алдыдагы Оман курама командасы менен боло турган оюндан жеңиш күтүп жатканын белгилеп, эл аралык мелдештерде ийгиликтерди каалады.