Уу коргошун. Жарандык активист Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн прокуратурага арыз жазды

Жарандык активист Умай Арыкова Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазды.

Ал министрдин “ден соолукка атайылап зыян келтирүү” беренеси боюнча жасаган иш-аракеттерине юридикалык жана укуктук баа берүүнү тиешелүү органдардан суранат.

«Бүгүн министр уу коргошундун тамырынан жасалган тундурманы коронавирусту дарылоодо эффективдүү дары экендигин далилдөө үчүн эфирден ичерин айтты. Бул иш-аракеттер анын компетенттүүлүгүнө шек келтирет. Бир жылдан ашык убакыттан бери дүйнө жүзүн COVID-19 пандемиясы басып алып, Кыргызстан пандемиянын туу чокусун башынан өткөрүп, мурунку министрлердин шалаакылыгы үчүн миңдеген адамдардын өмүрүн кыйган өлкөлөрдүн бири болуп турган учурда, биздин министр өлкөнүн бүт калкын өлүм коркунучуна кептеп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.