Уу-коргошун кайнатмасы резиденцияда даярдалып жатканы айтылды

Уу-коргошун кайнатмасы «Ала-Арча» резиденциясында даярдалып жатканы президент Садыр Жапаровдун аппараты тарабынан журналисттерге айтылды.

Маалыматка караганда, кайнатманы даярдоо үчүн атайын жай бөлүнгөн жана бардык процесс медициналык кызматкерлердин катышуусунда таза шартта жүрүп жатат. Препарат даяр болору менен ооруканаларга жөнөтүлүп жатканы жана дарыканаларда сатыкта жок экендиги да айтылды.