Уу коргошунду кайнатып ичкен министрди тарткан оператор өзүн жаман сезип жатат

Бүгүн, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жыйынын өткөрүп, түз эфир учурунда уу коргошунду кайнатып ичти. Процессти тарткан Kaktus.media’нын оператору өзүн жаман сезип жатат. Бул тууралуу басылма билдирди.

Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров коронавирустук инфекциядан уу коргошун башкача айтканда ысык-көлдүн тамырынын тундурмасы менен дарыланууну сунуштады. Анын сөзүн саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тастыктады.

Министр уу коргошунду электр чайнегине куюп, ысытып жатканда, бир нече операторлор процессти камерага тартып алуу максатында жакыныраак барышкан. Kaktus.media’нын операторунун айтымында бир нече мүнөттөн кийин, тараган жыттан башы айлана баштаган.

Редакцияга келгенден кийин анын абалы күчөп, жүрөгү айланып, кускан.

«Биз Тез жардам кызматына кайрылып, ууланган учурда эмне кылыш керек деп сурадык. Оператор уу коргошундун буусунан ууланганын уккандан кийин абалы күчөсө, дароо медициналык жардам алууга кайрылсын, деп кеңеш беришти»,- деп айтылат маалыматта.