Уу-коргошунга ууланып, ооруканага түшкөндөр боюнча министрлик үн катты

Бүгүн, 20-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлиги уу-коргошундан ууланып, ооруканага түшкөндөр боюнча үн катты.

«20-апрелде Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө 1950-жылы туулган жана 1955-жылы туулган жубайлар оор абалда жаткырылып, аларга алдын-ала “уу-коргошундан уулануу, аритмогендик шок” диагнозу коюлган. Бейтаптардын өзүлөрүнүн айтымында, узак убакыт бою кайнатманы дары-дармек максатында ичип келишкен. Анткени жубайы онкологиялык оору менен ооруп, кечээ дозасын көбөйтүшкөн. Тиешелүү дарылоодон өткөндөн кийин, жабыркагандардын абалы турукташкан. Учурда интенсивдүү терапия уланууда.

Мындан тышкары, бүгүн Бишкектеги Тез жардам бригадасы тарабынан 1958-жылы туулган жаран Кардиология жана терапия боюнча улуттук борборунун жандандыруу бөлүмүнө өтө оор абалда жеткирилген. Бейтапта алсыздык, жүрөк айлануу, кусуу белгилери болгон. Алдын ала «белгисиз зат менен уулануу» диагнозу коюлган. Дароо реанимациялык иш-чаралар жүргүзүлгөн. Абалы туруктуу.

Учурда токсинди аныктоо максатында, лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөргө кан жана зааранын анализдери алынып, Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна жөнөтүлдү”, — деп айтылат маалыматта.