«Уул-келиним мени үйдөн кууп чыгышты. Вокзалда түнөгөн күндөрүм болду» дейт эне

Биздин бул жолку каарманыбыз борбордогу «Ош базарынын» айланасында күн кечирген жалгыз бой эне. «Мындан он жыл мурда жолдошум каза болгон соң, уулум менен келиним үйдөн чыгарып койгон. Кыштын суугунда, жайдын ысыгында да көчөлөрдө, вокзалдарда түнөгөн күндөрүм болду. Уул-келиним мени алып кетсе экен» деген аялдын тагдырын баяндайбыз.

«Мени уул-келиним көчөгө кууп жиберген. Көчөдө калганда бир келин мени үйүнө алып барып карайт, мен анын баласын карап берем. Менин эч кимим жок. Ата-энем да көз жумган. Көчөдө калып, ар кайсы жерде күн кечирдим. Вокзалда түнөгөн күндөрүм болгон. Мен карап жаткан келин 34 жашта. Кызы бар. Мен уул чоңойтком, жолдошум каза болуп калган. Кан басымы көтөрүлүп көз жумду. Анан уулум Орусияга кетти. Үйлөндү. Эки балалуу болду. Мени таштап кетти. 10 жыл болду сүйлөшпөгөнүмө. Келиним менен деле мамилем жакшы болчу, уулдуу болгон соң мени карабай койду. Неберелеримди да көргөн эмесмин, аларды тааныбайм. Мен аларды сагынам», — дейт ал.