«Ууланганы көрсөтүлгөн». Балдар үйүндө каза болгон баланын агасы экинчи видео кайрылуусун жарыялады

Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон Игорь Якуниндин бир тууган агасы экинчи ирет видео кайрылуу жасады. Ал бир тууганынын өлүмү боюнча жаңы фактыларды айтып чыкты.

«Бүгүн мен, менин адвокатым жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү соттук-медициналык эксперт иним белгисиз зат менен ууланганын көрсөткөндүгүн билдик. Башкача айтканда, Игордун одоно жаракат алганын жана анын ур-токмоктон улам каза болуп калгандыгын далилдей турган дене органдары алынган эмес, ал сабалган жер — төшү таптакыр текшерилбеген болушу мүмкүн», — деди Богдан Якунин.

Ошону менен бирге ал бир тууганын урган баланын видеосун жарыялаган, ал жерде бала урганын мойнуна алат. Ошондой эле Игорду сабагандыгы жөнүндө күбөнүн көрсөтмөлөрү жазылган аудио жазууда тиркелген. «Мен Игорду үч-төрт жолу акырын урдум, андан кийин күч менен уруп баштадым. Анан ал эки-үч кадам таштап жыгылды» дейт видеодогу бала. Ошол эле окуянын күбөсү «Ал бешинчи соккуну Игордун жүрөгүнүн тушуна соккондо түштү. Биз аны керебетке көтөрүп жаткырдык, ага дем жетпей баштады» деген.

«Эртең Игорь 13 жашка толмок. Бирок ал биз менен эмес. Мен Игорду ур-токмокко алганын көрүп, мага мунун бардыгын телефон аркылуу айтып берген баланы коргоону камсыз кылууну суранам, анткени ал балдар үйүндө жана ага кысым жасалышы мүмкүн», — деди Богдан Якунин. Ошондой эле, ал каза болгон бир тууганынын сөөгүн топурактан алып чыгып, кайрадан экспертиза жүргүзүүнү дагы бир жолу суранды.

Балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якунин 1-июнда көз жумган. Бул тууралуу биринчи болуп балдар укугун коргоочулар лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова билдирген. Акыйкатчы институтунан маркум баланын ден соолугу чың болгону тууралуу маалымкаттар бар экенин маалымдашкан. Чүй ОИИББинен маркумдун сөөгүн кароодо зордук-зомбулуктун белгиси табылбаганын айтышкан.