«Уулдарыма тамак жасап бере албаганыма арданып кетем» дейт унаада күйүп калган жалгыз бой эне

Биздин бул жолку каарманыбыз 27 жаштагы Ырыскүл Съездбек кызы. Ал былтыр газ менен жүрүүчү унаада бара жатканда жолдошу чеккен тамекинин учкунунан жалын тутанып, газ жарылып, денесинин 80 пайызы күйүп калганын айтат. Съездбек кызы “Ошол окуядан соң бети-колум жагымсыз болуп, манжаларым бирине-бири жабышып калды. Ушундан улам, жолдошум мени чанып, сиңдиме кетип калды” дейт.

«Мен окуя боло электе медайым болуп иштечүмүн. Азыр калем да кармай албай калдым. Балам «апа, бизге картошка кууруп берчүсүз ээ, пицца жасап берчүсүз ээ» деп айтат. Мурункудай тамак да жасай албай калдым. Жүрөгүм ооруйт. Азыр тамак жасай албаганыма арданып кетем. Неге мен ушинтип калдым?» — дейт ал.