«Уулдуу болдум». Жол тескөөчүлөр толгоосу келген келинди төрөт үйүнө жеткиришти

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери төрөт үйүнө жеткирген келин көз жарды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Кечээ, 28-декабрда түнкү саат 02:20 чамаларында Бишкек шаарынын Жусуп Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде Бишкек шаарынын тургуну кайрылган, башкармалыктын кызматкерлери келинди дароо Бишкек шаардык №4 төрөт үйүнө жеткиришкен.

Кайгуул кызматына ыраазычылыгын билдирген тургун жубайы көз жарганын, уулдуу болгонун айтты.