Лифтке кыпчылып каза болгон маркумдун жубайы: «Уулум бейишке видео кылып чалып, сүйлөшөлүчү деди»

Мындан бир ай мурда Бишкектин “Улан-1” кичи районунда эркек киши лифтке кыпчылып каза болгон. Биздин редакция кан жутуп турган маркумдун үй-бүлөсүнө барып көңүл айтып, кабар алдык. Аза күтүп турган маркумдун ата-энеси, жубайы ошол күндү эскеришти.

Маркумдун жубайы Нурзат Мамытова кан жутуп отурганыбызга 1 ай болду, бирок эч ким келген жок дейт. «Мен нес болуп жүрүп, сүтүм да тарап кетти. Баламды эмизе албай калдым, азыр апам карап жатат. Жолдошум абдан жакшы адам болчу. Жакшы ата, жакшы жолдош болду. Биз 11 жыл чогуу жашадык. 2 кыз, 3 уулдуу болдук. Аябай баласаак болчу. Биз анын жумуштан келерин абдан күтөт элек. Унаа токтотуучу жайда иштечү. Бактылуу күндөрдүн биринде эле ушинтип кетип калды«,- деди ал.

Ал ошондой эле балдары атасын сагынып жатканын айтты. «Ошол күнү эки кичинекейди алып, ооруканага барып, келе жатканда дүкөнгө кирип азык-түлүк ала келебиз дегенбиз. Мен кыйкырып жатканда улуу балам эшикти ачып, атасынын кыпчылып калганын көрүп калды. Бакырып-кыйкырып ыйлашты. Азыр деле алар үчүн кыйын болуп жатат. 4 жаштагы балам дайыма атасы менен жатчу. Бала бакчага да атасы алып барчу. Мен алып бара жатсам, «атам мени жетелеп эмес, көтөрүп алып барчу», «атам мага таттууларды алып берчү» деп сүйлөп барды. «Атаң эми жок, бейишке кетти» десем, «анда бейишке видео кылып чалып, сүйлөшөлүчү деди», — дейт кан жутуп турган келин.