«Уулумду көчөдө көргөндөр таң калып карашат» дейт чанда кезикчү ооруга чалдыккан баланын апасы

8 жаштагы Муслим аттуу бала гидроцефалия деген чанда кезигүүчү оору менен жабыркайт. «Баламдын башы 20 килограммдай чыгат, көлөмү чакан казандай. Учурда чет өлкөдө гана жасалчу операцияга муктажбыз. Чамабыз чектелүү болгону үчүн элден жардам сурайм» дейт баланын апасы.

«Уулум Майлуу-Сууда төрөлгөн. Ал жерде уран бар дешет. Дарыгерлер урандын айынан ушундай болуп калышы мүмкүн деп айтышкан. Балким ушундай, мен билбейм. Уулум тамак тандабайт. Жегиси келгенин берем. Бананды аябай жакшы көрөт», — дейт апасы.

Ал ошондой эле кош бойлуу кезинде сасык тумоо менен ооруп калганын айтып, балким уулу ошондон улам ушундай абалга кептелгенби деп божомолдойт. «Мен кош бойлуу кезимде баламдын оорукчан болуп каларын билген эмесмин. Дарыгерлер мага айтышкан эмес. 5,5 айында катуу сасык тумоологом, балким ошондон болуп калды. 9 айлык болуп, төрөт бөлмөгө барганда уулумдун башында суусу бар экенин айтышкан. Бизди көчөдө баары таң калып карашат», — дейт апасы.