«Уулумдун сөөгүн көтөрүп алып качып жүрдүм» дейт 4 жаштагы баланын апасы

Чек арадагы жаңжалдын кесепетинен Арка айылынын тургуну 4 жашар Абидин Турcунбаевге убагында медициналык жардам көрсөтүлбөй, чарчап калган. Баланын апасы Динара Исабай кызы окуяны кандай болгонун «Али Токтакунов МедиаХабынын» Баткенде жүргөн кабарчыларына айтып берген.

«Күйөөм экөөбүз бейкапар жумушта элек. Анан эле кайнежем «Абидин агып кетти» деп ыйлап келди. Чуркап каналга барсак, жездем баламды суудан алып чыккан экен. Жасалма дем алдырып, «Тез жардамга» чалдык. Анын келишин күтпөй эле Достуктагы ооруканага жетип бардык. Колунан келген жардамды көрсөтүшүп, алар «баланын жүрөгүнүн согуусу бир төмөндөп, кайра жогорулап жатат» дешти. Кулундудагы дарыгер ошол жактагы бейтапканага алып келгиле деди. Орто жолдо эле бизге Максатта атышуу болуп жатат, барбагыла, силер өтө албайсыңар дешти. Кайра Достукка келдик. Ооруканага деле кирген жокпуз, «Тез жардамдын» унаасынын ичинде эле чарчап калды. Ок атылды, анан сууга түшүп кетти деген маалыматтар жалган. Эң эле өкүнүчтүүсү — бул биз Кулунду же Исфанадагы реанимацияга жете албай койдук. Максаттан ок атышуудан улам өтө албай, ошон үчүн баланы сактап кала албай калдык», — дейт апасы.

Анын айтымында, уулунун муздап бара жаткан денесин көтөрүп алып, эл менен кошо тоого качып жөнөшкөн.

Буга чейин социалдык тармактарда 4 жаштагы бала чек арадагы жаңжалдын дагы бир курмандыгы болгондугу тууралуу маалыматтар тараган. Кийинчерээк бул маалыматты Баткен облустук милициясынан ырастап, Лейлек районунун Арка айылында тажик тараптан ок атылган учурда ошол жердин жергиликтүү тургундары айылдан качып чыгышканда, Арка-2 айылынын 4 жаштагы тургуну айылдагы каналга түшүп кетип каза болгонун маалымдаган эле.