Экс-депутат Исхак Масалиев учурда интернет айдыңында кызуу талкууга түшкөн депутат Камчыбек Жолдошбаевдин сөгүнгөн видеосу боюнча үн катты.
Анын айтымында, бул мамиле жалпы Жогорку Кеңештин депутаттарынын көрсөткүчү.
“Мыйзамсыз мөөнөтүңөрдү узарттыңар десе-ме сага, мыйзамдарды одоно буздуңар десек-ме сага, кеткиле десе-ме сага…
Жөнөкөй жарандар менен бийликте отурган кишилердин ортосундагы ажырым өсүп баратат. Түшүнбөсөңөр— камап таштайбыз…”,— деди Масалиев.