«Уялчаак депутаттын кылыгы — Жогорку Кеңештин депутаттарынын көрсөткүчү». Исхак Масалиев Жолдошбаевдин уятсыз кылыгы боюнча үн катты

Экс-депутат Исхак Масалиев учурда интернет айдыңында кызуу талкууга түшкөн депутат Камчыбек Жолдошбаевдин сөгүнгөн видеосу боюнча үн катты.

Анын айтымында, бул мамиле жалпы Жогорку Кеңештин депутаттарынын көрсөткүчү.

“Мыйзамсыз мөөнөтүңөрдү узарттыңар десе-ме сага, мыйзамдарды одоно буздуңар десек-ме сага, кеткиле десе-ме сага

Жөнөкөй жарандар менен бийликте отурган кишилердин ортосундагы ажырым өсүп баратат. Түшүнбөсөңөркамап таштайбыз”,— деди Масалиев.