«Уят кылбай иштеңиздер». Баткендеги жетекчилерге кызматтык унаалар тапшырылды

Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн Акылбек Жапаров Баткен облусундагы жетекчилерге кызматтык унааларды тапшырды. Кызматтык унаалар Кадамжай районунун акими, Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана Баткен шаар башчыларына берилди.

Сиздерге жаңы кызматтык унааларды тапшырып жатып, президент Садыр Нургожоевичтин тапшырмасын эсиңиздерге салам. Милдетиңиздерди так аткарып, уят кылбай иштеп бериңиздер. Ошондой эле кызматтык унааларга GPS системасы орнотулду, көзөмөлдө болот. Өзгөчө статусу болгон Кадамжай району, Сүлүктү, Баткен жана Кызыл-Кыя шаарлары үчүн унааларды өзүм тапшырып жатам, ал эми башка аймактардагы жетекчилерге дагы берилүүдө. Күлүгүңүздөр кут болсун!” — деди Акылбек Жапаров.  

Президенттин иш башкармалыгы тарабынан район жана алыскы аймактар үчүн чет элдик “Chevrolet Captiva” үлгүсүндөгү 90 унаа сатылып алынган.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев кызматтык унаалар республика боюнча жаңыланып жатканын билдирди. “Президент Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен кызматтык унааларды жаңылап жатабыз. Мурдагы эски техникалардын айрымдарын пайдалануу мүмкүн болбой калган. Колдонууга кеткен каражатка караганда оңдоого кеткен чыгым көп болчу”, — деди ал.