Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн президенттик жана парламенттик шайлоого катыштырбоо сунушталууда

Ички иштер министрлиги «Президентти жана ЖК депутаттарын шайлоо боюнча» жана «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет тууралуу» Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, мыйзамга уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жергиликтүү кеңешке депутат, мамлекеттик, муниципалдык кызматтарга дайындала албаганга өзгөрүү кирүүдө.

ИИМ билдиргендей, мындай кызматтарга соттолгон адамдар, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун курамында болгондор дайындалбашы керек. Ушул эле категорияга кылмыштуу топтордун кызыкчылыгын коргоп кылмыш кылгандар же ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тургандар да кирери кошумчаланды.

Министрлик уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү криминалдык акчаларды легалдаштыруу үчүн саясий партияларга, коомдук кыймылдарга кирип алышарын эскерткен. Мындан сырткары, кылмышкерлер тарабынан партияларды каржылоо да кооптуу тенденция экени белгиленди.

«Уюшкан кылмыштуу топтун кулачын жайып баратканы мамлекеттин жана коомдун коопсуздугуна коркунуч жаратат»,- деп айтылат маалыматта.