Узак жолго чыга тургандарга: Ашууларда кар жаап жатат

Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында кар себелеп жатат. Дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу зарыл. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымат таратышты.

«Бүгүн, 13-ноябрь саат 08:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай, Кара-Кулжа райондорунда, Баткен облусунун Лейлек районунда кар себелеп жатат, Бишкек шаарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында күн бүркөө, ал эми республиканын калган аймактарында жаан себелеп жатат», — деп жазылат маалыматта.