Кыргыздан чыккан биринчи органист Динара Салиева 73 жашында оорудан улам көз жумду

11-июнда узакка созулган оорудан улам Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Салиева Динара Азизовна дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Кыргыз Республикасындагы биринчи органист жана ошол кездеги Борбордук Азиядагы жалгыз аял органист Динара Салиева 1948-жылы 19-ноябрда Фрунзеде туулган. Ал Москва консерваториясынын профессор-пианист Генриетта Мирвистин жана профессор Леонид Ройзмандын орган классын бүтүргөн. Кыргыз филармониясынын жана «Союзконцерттин» солисти катары 2,5 миңден ашык жеке концертин берген. Ал дүйнөдөгү эң мыкты органисттер кире алган Рига Купол соборунда чыгармаларды аткарган. Легендарлуу Бах соборунда — Санкт-Михаэлискирхеде Кирхенмюзик курсун бүтүргөн, ал жерде улуу Иоганн Себастьян Бах хордо ырдап, концерт берген. 2015-жылы Кыргыз улуттук филармониясынын камералык хору менен бирдикте Калый Молдобасановдун “Саманчынын жолу” ораториясын органдык аткаруу үчүн жеке өзү транскрипциялап, калың аудиторияга тартуулаган.