“Вайлдберриздин” негиздөөчүсү кыргыз тикмечилерине жогору баа берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Вайлдберриз” ЖЧКнын негиздөөчүсү жана башкы директору Татьяна Бакальчукту кабыл алды. Анда тараптар электрондук коммерцияны өнүктүрүүнүн келечегин жана “Вайлдберриз” базарынын алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Бакальчук Кыргыз Республикасындагы жеңил өнөр жайынын өнүгүшүнө жогору баа берип, “кыргыз өндүрүшүнүн товарлары Вайлдберризде өзгөчө орунду ээлегендигин” белгиледи. “Кыргыз өкмөтү чакан бизнести өнүктүрүү үчүн абдан жагымдуу шарттарды түзүп жатат, бул жеңил өнөр жайынын уникалдуу кластери. Айрыкча үйдө отурган кыз-келиндер тигүүчүлүктү гана үйрөнбөстөн, жасаган буюмдарын сатып, сооданы дагы үйрөнүшкөнү кубандырат. Бул абдан чоң иш”, — деди ал.

Тараптар инвестициялык долбоорлорду талкуулашты, тактап айтканда, компания Чүй облусунун аймагына ири логистикалык борбор курууга кызыкдар экенин билдирди. Акылбек Жапаров президенттин Чүй облусундагы өкүлүнө “логистикалык борборду куруу боюнча бир нече варианттарды сунуштоону” тапшырды.

“Вайлдберриз” компаниясынын негиздөөчүсү Кыргызстанга 23-июнда Бишкекте өтө турган электрондук сооданы өнүктүрүү форумуна катышуу үчүн келген.