«Вакцинага организмдин жооп иретиндеги реакциясы болгон». «Astra Zeneca» вакцинасы өлкөдө 9-августтан тарта колдонула баштайт

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы аскер бөлүктө коронавируска каршы Astra Zeneca вакцинасын алган соң абалы начарлаган аскерлер боюнча маалымат берди.

Эске салсак, 5-августта аталган аскер бөлүктөгү аскерлерге Astra Zeneca вакцинасы сайылып, эртеси күнү 44 аскерде анын терс таасири байкалган. Бул окуя эпидемиологиялык иликтөөгө жөнөтүлүп, иштин чоо-жайын териштиргенче вакцинаны колдонуу убактылуу токтотулган.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө 56 аскердин абалы канааттандырарлык. Вакцинадан кийин пайда болгон клиникалык белгилер вакцинага организмдин жооп иретиндеги реакциясы болгон деп бааланган. Бул белгилер ден соолукка олуттуу деле коркунуч алып келбейт. Адатта организм башка да вакциналарга реакция кылып, эмделген адамдын башы ооруп, эти ысыйт. Бирок ал 12-24 сааттын аралыгында өтүп кетери айтылды.  Министрлик Astra Zeneca вакцинасы өлкө боюнча 9-августтан тарта кайра колдонула баштаарын кошумчалады.