Валентина Шевченко беттештен кийинки жүзүн көрсөттү

Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC чемпиондугун сегизинчи ирет коргогон. 

11-майда Канаданын Монреал шаарында өткөн UFC 315 турниринде ал франциялык Манон Фиоро менен беттешип, бир добуштан жеңишке жеткен.

Спортчу социалдык тармактагы баракчасына беттештен кийинки сүрөттөрүн жарыялаган.