Валентина Шевченко кайрадан чемпиондук кур тагынды (видео)

LAS VEGAS, NEVADA - SEPTEMBER 14: Valentina Shevchenko of Kyrgyzstan reacts following her fight against Alexa Grasso of Mexico for the Women's Flyweight title during UFC 306: Riyadh Season Noche at Sphere on September 14, 2024 in Las Vegas, Nevada. (Photo by Christian Petersen/Getty Images)

Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук курун кайтарып алды  

Ал мексикалык атаандашы Алекса Гроссону утту. Төртүнчү раундда эки ирет муунтуу ыкмасынан чыгып кете алды.  

Мушкер кыздар үчүнчү ирет октагонго чыгышты. Биринчи кармашта Гроссо жеңишке жетип, чемпиондук титулду Шевченкодон тартып алган. Экинчисинде экөө тең чыгып, мексикалык спортчу чемпиондук титулун сактап калган эле.