Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын капитаны Валерий Кичин орозо кармаган оюнчуларга кыйынчылык жаратабы же жокпу жооп берди.
24-мартта Бишкекте башкы машыктыруучулардын жана командалардын капитандарынын оюн алдындагы маалымат жыйыны болуп өттү.
— Беттешке кандай даярдыктар болуп жатат?
— Калыбыбызга келип жатабыз. Эртең 100% даяр болобуз деп ишенем.
— Орозо кармаган оюнчуларга кыйынчылык жаратпайбы?
— Орозо кармоо эч кандай кыйынчылык жаратпайт деп ойлойм. Өзбекстан менен болгон беттеш азчылыкта 105 мүнөткө туруштук берүүгө ар бир адамда чоң күч жана энергия бар экенин көрсөттү. Кудай алар менен бирге, аларды колдойт жана бул беттеш үчүн аларга күч-кубат берет.