Бүгүн саат 16:30га карата Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында доллардын реалдуу баасы сатып алууда 85-86 сомду түзүп, сатуудагы баасы 86-87 сомдун тегерегин түзүүдө. Банктарда да накталай доллар тартыш болуп жатат.
Айрым банктар доллар жок дешсе, айрым банктар бир колго 100-300 доллардан ашыкча сатпай жатышат. Рублдун баасы сатып алууда 1 сом 27 тыйын, сатуудагы баасы 1 сом 30 тыйындын айланасында болуп жатат.
Оптима банк — 300 доллардан ашык сатпай эле;
ЭкоИсламикБанк, Бай Түшүм, FINCA Банк, Халык — 100 доллардан ашык сатпай эле;
KICB, Бакай — чектөө жок;
Компаньон, ФинансКредитБанк, Demir, Толубай банктарда доллар жок экени маалым болду.