Вашингтондогу шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды

АКШнын Вашингтон шаарындагы шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Добуш берүүдө акыркылардан болуп Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинин аймагындагы шайлоо тилкеси ишин аяктайт. Ал 12-апрелде Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 01:00дө жабылат.

Мындан тышкары Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин аймагындагы шайлоо тилкесинде 12-апрелде Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 06:00дө добуш берүү аяктайт.

Чет өлкөлөрдөгү бардык шайлоо тилкелеринде элдик добуш берүүлөр мыйзам алкагында жана бардык эпидемиологиялык шарттарды сактоо менен өтүүдө. Мыйзам бузуулар байкалган эмес.