5-августта Аламүдүн районунун Абдыкерим Сыдыков атындагы айыл аймагына караштуу Васильевка айылында (569 штрих) айыл чарба багытындагы жер тилкелерине мыйзамсыз салынган фундаменттерди жана курулуштарды бузуу иштери башталды.
Бузуу иштеринин жүрүшүндө жергиликтүү тургундар чогулуп, айрымдары иш-чаранын жүрүшүнө тоскоол болууга аракет кылышты. Чүй облусунун милиция кызматкерлери кырдаалга ыкчам чара көрүп, коомдук тартипти камсыздашты. Абал толугу менен көзөмөлдө болду. Ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик органдар тарабынан тургундар жана мыйзамсыз куруу иштерин жүргүзгөн жарандар менен жолугушуулар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Чүй облусунун ИИББ жарандарды мыйзамдарды сактоого чакырат жана жер тилкелерин өзүм билемдик менен басып алуудан жана мыйзамсыз курулуш иштеринен карманууга үндөйт. Андай аракеттер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.