Вебкам-студия уюштуруучу делген Даниель Ажиев апасынын туулган күнүнө ӨКМдин тик учагын ижарага алды

Вебкам-студия уюштуруучу делген Даниель Ажиев апасынын туулган күнүнө ӨКМдин жаңы тик учагын ижарага алды.

Тик учактын учкучтарынын бири «Клоопко» Ажиев апасы менен тик учакта 1 саат 10 мүнөт учканын айткан. Тик учакты ижарага алуу саатына 2300 доллар турат.

Даниель Ажиев 2018-жылы өз батиринде вебкам-студия уюштургандыгы, порнография тараткандыгы үчүн соттолгон. 2020-жылы пандемия учурунда алты миллион кыргызстандыкты Инстаграмдагы баракчасы аркылуу сөккөндүгү үчүн кармалып, кийин соттун чечими менен Жаңы-Жер айылындагы психиатриялык диспансерде мажбурланып дарыланууга жөнөтүлгөн.