Ветинспекцияга жаңы жетекчи келди

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси болуп Сарыков Айдарали Зикирович дайындалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин бүгүн, 8-февралдагы отурумунда белгилүү болду.

Буга чейин инспекцияны Калыc Жумаканов жетектеп келген.