Вьетнамда кыргызстандык эс-учун жоготкон абалда табылып, ооруканага жеткирилген

Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, Вьетнамда оор абалда жаткан Кыргыз жараны тууралуу маалымат берди.

Маалыматка караганда, 19-мартта 1975-жылы туулган Кыргыз жараны Нячанг шаарындагы мейманканалардын биринен эс-учун жоготкон абалда табылып, ооруканага жеткирилген. Жаранда олуттуу жаракаттар жана татаалдашуулар аныкталган, анын абалы туруксуз. Хошимин шаарындагы медициналык мекемеге көчүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

«Кыргызстандын Кореядагы эчилиги жергиликтүү органдар менен тыгыз кызматташып, жабыркаган жаранга керектүү жардамды көрсөтүп жатат жана жанында жүргөн Кыргыз жарандары менен тыгыз байланышта болууда. Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат», — деп айтылат маалыматта.