ВИЧ/СПИДди 49 пайызы жыныстык жол менен жуктуруп алгандар болуп саналат

Президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов СПИДге каршы бүткүл дүйнөлүк күрөш күнүнө байланыштуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен СПИД боюнча республикалык борбордун директору Үмүткан Чокморованы кабыл алды.

Министр өлкөдө акыркы жылдары ВИЧ-инфекциясынын жугушун алдын алуучу антиретровирус терапиясы 2 эсеге көбөйгөндүгүн белгиледи.

Чокморова акыркы изилдөөлөргө ылайык, ВИЧ/СПИДди жуктурган учурлардын дээрлик жарымы — 49 пайызы жыныстык жол менен болгонун маалымдады. Жуктургандардын көбүн — 64 пайызын эркектер түзөт.

Мамытов коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү менен катар башка вирустук ооруларга да көңүл бурулушу керектигин белгиледи.