Борбор калаада мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарында өз билемдик орнотулган жеңилдетилген типтеги объекттер демонтаждалууда. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Бүгүнкү күндө жеңилдетилген типтеги 15 объект жана башка объекттер (күч өлчөгүч, балмуздак, жүгөрү жана башка) демонтаждалды. Ушундай рейддерди үзгүлтүксүз өткөрүү пландаштырылууда.