Фейсбук социалдык тармагында Горький көчөсүн бойлой тротуар курууга тоскоол болгон объектилер боюнча видео жарыяланган. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Окуя болгон жерге мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Биринчи май районунун акиминин милдетин аткаруучусу Райым Жолдошов, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев жана башка шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты. Ошентип, Горький көчөсүн бойлой жайгашкан «Халил Ибрагим» кафесинин кошумча курулушун бузуу иштери башталды. Ошондой эле, иштин жүрүшүндө көчөдө мыйзамсыз курулган объектилер Горький 179, 178, 176 демонтаждалууда.
Буга чейин администрация тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын колдонуудагы нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
«Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Эгерде сиздин объектиңиз муниципалдык аймакка чыгып кетсе, мыйзам бузууларды жоюуну суранабыз. Болбосо, борбор калаанын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы белгиленген тартипте демонтаж кылууга аргасыз болот», — деп жазылат маалыматта.