Вице-мэр Орунтаев ишкерлер менен акыры жолукту

Буга чейин болбой калган ишкерлер менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Октябрь администрациясында борбор калаанын мэринин орун басары Нурдан Орунтаевдин катышуусунда Манас-Чыңгыз Айтматов проспектиси жана Жусуп Абдрахманов-Байтик Баатыр көчөлөрү боюнча иш алып барган ишкерлер менен жолугушуу өттү. Жолугушууга Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев, Бишкек мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев катышты.

Кирүүчү топтордун, көрнөк-жарнактардын жана башкалардын бирдиктүү дизайны жөнүндө маселени талкууладык. Шаардыктар сунуштарын, суроолорун беришти. Чогулгандардын суроолоруна мэрдин орун басары жооп берип, өз алдынча чарбалык курулуштарга жана чатырларга жол бербөө боюнча жеринде тактоолор да берилди. Бул багыттагы иштер улантылууда.

Октябрь администрациясынын залында 2-июнда ишкерлердин жолугушуусу пландаштырылган. Бирок 10 гана адам катышкан.