Вице-мэр Орунтаев ишкерлерди жолугушууга чакырган. Алар келишкен эмес

Бишкек мэриясы маалымат таратып, мэрия ишкерлерди кайрадан жолугушууга чакырарын билдиришти.

Октябрь администрациясынын залында 2-июнда саат 10:00дө мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев менен Манас — Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Жусуп Абдрахманов — Байтик Баатыр көчөлөрүндө иш алып барган ишкерлердин жолугушуусу пландаштырылган. Бирок 10 гана адам катышкан.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери алдыдагы жыйын тууралуу ишкерлерге маалымат беришкен. Күн тартибинде кирүү топторунун бирдиктүү дизайнын, көрнөктөрдү талкуулоо болду. Бул тема боюнча да суроолорду берсеңиздер болот. Буга байланыштуу Байтик Баатыр көчөсү 17 дареги боюнча отурум 6-июнь саат 10:00гө жылдырылды.